Жаман-жакшыны көрүп, кагылып бышыга элек, өсүп жетиле элек, өтө жаш, эч нерсе көрө элек. Эне сүтү оозунан кете элек сага окшогон малакайлардын неченин көргөмүн («Советтик Кыргызстан»). Мен алтымыш таянып азынап турган чагымда эмес, эне сүтү оозумдан кете элек эселек күнүмдө эч кимге алдаткан эмесмин (Тойбаев).
Жаман-жакшыны көрүп кагылып, бышыга элек, өсүп жетиле элек, өтө жаш, эч нерсе көрө элек. Эне сүтү оозунан кете элек сага окшогон малакайлардын неченин көргөмүн («Агым»). Мен алтымыш таянып азынап турган чагымда эмес, эне сүтү оозумдан кете элек эселек күнүмдө эч кимге алдаткан эмесмин (Тойбаев). В.: Эне сүтү оозунан арыла элек. Анын эри Чолок этек да эне сүтү оозунан арыла электе орустун чочкосун баккан (Өмүрбаев). Эне сүтү эрдинен кете элек. Эне сүтү эрдинен кете элек бала менен чырлашкысы келбеди («Ала-Тоо»). Оозунан сүтү кете элек. Оозунан сүтү кете элек бала да.